НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ XXXVI СЕССИЯСЫНЫН
№ 5 ТОКТОМУ
2-март 2021-жыл Нарын шаары
Нарын шаардык “Таза-Нарын” муниципалдык ишканасынын калкка кызмат көрсөтүүдөгү баалардын прейскурантын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарынын негизинде, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине, Нарын шаардык «Таза-Нарын» муниципалдык ишканасы жөнүндө Жобого жана “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлук, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаардык “Таза-Нарын” муниципалдык ишканасынын калкка кызмат көрсөтүүдөгү баалардын прейскуранты тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).
- Токтом Нарын шаардык “Таза-Нарын” муниципалдык ишканасы тарабынан аткарууга алынсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага Ж.Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, Таза-Нарын ишканасына.
НАРЫН ШААРДЫК МУНИЦИПАЛДЫК ТАЗА-НАРЫН ИШКАНАСЫНЫН КАЛККА КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮДӨГҮ ПРЕЙСКУРАНТЫ_ТИРКЕМЕ