НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХIX СЕССИЯСЫНЫН №3 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХIX СЕССИЯСЫНЫН

№ ­­­3  ТОКТОМУ

20 — декабрь 2018-жыл                                                                                                                                                                          Нарын шаары

 

Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Нарын шаардык комиссиясы тууралуу ЖОБОну бекитүү жөнүндө

          Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 313-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 258-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобонун 6-пунктунун “б” пунктчасынын экинчи абзацына жана агенттиктин 2018-жылдын 17-октябрындагы №01-18/126 буйругуна ылайык, “Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо,  Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча” туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Нарын шаардык комиссиясы тууралуу Жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин (жобо тиркелет).
  2. Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Нарын шаардык комиссиясынын курамы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин (курамы тиркелет).
  3. Жобонун электрондук түрү Нарын шаардык мэриясынын веб-сайтына жайгаштырылсын.
  4. Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Нарын шаардык комиссиясы тууралуу Жобонун тартиптерин сактоону көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                                                          Ж.Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, облустук юстиция башкармалыгына, мэрияга.

 

Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Нарын шаардык комиссиясы тууралуу типтүү Жобо-1-тиркеме

Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Нарын шаардык комиссиясынын курамы-2-тиркеме

Добавить комментарий