НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХIX СЕССИЯСЫНЫН
№ 4 ТОКТОМУ
20 –декабрь 2018-жыл Нарын шаары
Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин 11-апрель 2012-жылдагы XXV чакырылыштагы кезектеги XXIII сессиясынын №5 токтому менен бекитилген «Курулуш куруу жана жер пайдалануу комиссиясы тууралуу» Жобосуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 29-январь 2018-жылдагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» №59 токтомунун 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү Жобону бекитүү тууралуу» №571 токтому менен бекитилген типтүү Жобонун 7-пунктунун 2-абзацында, «Комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын, коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү кирет. Комиссиянын курамын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы бекитет» — деген өзгөртүү киргизилгендиктен Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин 11-апрель 2012- жылдагы XXV чакырылыштагы кезектеги XXIII сессиясынын №5 токтому менен бекитилген «Курулуш куруу жана жер пайдалануу комиссиясы тууралуу» Жобосунун 1-бөлүмүнүн 2-пунктуна өзгөртүү киргизүү боюнча токтом кылат:
- Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин 11-апрель 2012-жылдагы XXV чакырылыштагы кезектеги XXIII сессиясынын №5 токтому менен бекитилген «Курулуш куруу жана жер пайдалануу комиссиясы тууралуу» Жобосуна өзгөртүү киргизилсин.
- Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин 11-апрель 2012-жылдагы XXV чакырылыштагы кезектеги XXIII сессиясынын №5 токтомунун №1 тиркемеси менен бекитилген Нарын шаарындагы жер тилкелерине укуктарды берүүдө Нарын шаардык мэриясынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу» комиссиясынын Жобосунун 1-бөлүмүндөгү 2-пунктундагы «Жергиликтүү ыйгарым укуктуу органдын (мэрия) сунушу боюнча Нарын шаардык Кеңешинин токтому менен комиссиянын курамы бекитилет жана өкүлдүк органдары кирет» деген сүйлөм алынып салынып, «Комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын, коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү кирет. Комиссиянын курамы Нарын шаардык мэриясынын буйругу менен бекитилсин» деген сүйлөм менен өзгөртүүлөр киргизилсин.
- Токтомду аткаруу жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага Ж.Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, ММИге, облустук юстиция башкармалыгына.